Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

4-июнга аба ырайы


Жайлоого бараткан жолдо.
Жайлоого бараткан жолдо.

3-6-июндагы туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

4-июнда айрым райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14...19, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14..19, күндүз 27...32 градус жылуу болот.

Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25 жылуу болот.

Бишкек шаарында 4-июнда мезгил мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

Түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18 градус, күндүз 26...28 градуска жетет.

XS
SM
MD
LG