Дүйнөлүк коомчулук Палестина-Израил ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандантуусу керек. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 3-июнда Париждеги конференцияда билдирди.
"Айылдарды кеңейтип, үйлөрдү сүрдүрүү саясаты, зордук-зомбулук жана шыкакчылык Ослодо кабыл алынган келишимдин келечегин жокко чыгарышы мүмкүн” - деди Могерини.
Отуз чакты өлкөнүн министрлери жана уюмдар катышкан жыйынга Араб, Европа өлкөлөрү жана БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү келишкен. Израил менен Палестинанын өкүлдөрү келген жок.