Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Жапонияда бир жума изделген жеткинчек табылды


Жапонияда токойдо жоголуп, бир жума издеткен жети жашар Ямато Тануки табылды. Полиция өкүлүнүн 3-июнда кабарлашынча, Яматону жоголду делген жерден төрт чакырым алыстагы аскер полигонунан эрте менен табышкан. Ал алты күн боюу андагы курулмалардын бирин пааналап, издеп келчүлөрдү күтүп, жалаң суу менен күн өткөргөн.

Учурда жакынкы ооруканалардын биринде анын саламаттыгы текшерилүүдө.

29-майда полицияга анын ата-энеси кайрылышкан. Алар алгач баласын жоголуп кетти дешкени менен, кийин өздөрү токойго калтырышканын моюнга алышкан. Ата-эне тентегине чоң адамдар бараткан автоунааларга таш ыргытканы үчүн ушундай “тарбия” берүүнү чечишкен.

Алар жарым чакырымдай ыраак кетип, беш-он мүнөттөн кийин келип уулун таба албай калышкан.

XS
SM
MD
LG