Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:29

АКШнын аскер учактары ИМ тобуна сокку урду


Америкалык истребителдер өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган террордук топтун позицияларына Жер ортолук деңизиндеги "Гарри Трумэн" согуштук кемесинен сокку урду. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги АКШнын аскерий-деңиз флотунун өкүлдөрүнө таянуу менен кабарлады. Маалыматка караганда, бул - 2003-жылдагы Ирактагы согуштан берки Жер ортолук деңизиндеги согуштук кемеден Жакынкы Чыгыштагы позицияларга багытталган биринчи чабуул болуп калды.

Истребителдер согуштук кеме Суэц каналы аркылуу Жер ортолук деңизине киргенден кийин абага көтөрүлгөн. АКШнын аскерий күчтөрүнүн өкүлү Ирак менен Сириядагы топтор бутага алынып-алынбаганын, кайсы максаттар ишке ашканын так айткан эмес.

"Гарри Трумэн" жана башка согуштук кемелер "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө АКШнын негизги куралы болууда.

XS
SM
MD
LG