Легендарлуу мушкер Мухаммед Али 74 жашында АКШда каза болгонун анын туугандары кабарлашты. Ал 2-июнда дем алуу органдарынын дартына чалдыгып, ооруканага жеткирилген.
Ишембиге караган түнү абалы оор экени кабарланган болчу.
Маркум Паркинсон дартынан 1984-жылдан бери жабыркап келген. Бул илдетке спорттон кеткенден төрт жылдан кийин чалдыккан.
Мухаммед Али оор салмак боюнча чемпион наамын үч жолу жеңип алган дүйнөдөгү алгачкы мушкер. Биринчи жолу бул наамды 1964-жылы, андан кийин 1974-1978-жылдары алган.