Кыргызстандык жаштарга багытталган биринчи TEDx конференциясы «Элдин балдары» деп аталат. Уюштуруучулар жыйындын спикерлерин тандоодо элге үлгү болчу жагдайларга көңүл бурган. Спикер катары тандалып алынгандар арасында “Азаттыктын” эл аралык Webby Awards сыйлыгына татыган “Кыял” тасмасынын автору Уланбек Эгизбаев, каарман Нургазы Жакшылыкбек уулу, сүрөт көргөзмөдөн түшкөн 200 миң сомду кайрымдуулукка жумшаган президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева, Антарктидага барып кайткан студент Талгат Субаналиев, белгилүү жаш блогер Элдана Сатыбалдиева баштаган он адам бар.
TEDx – башкаларга үлгү болуп, коомго жайылтууга татыктуу демилгелерди талкуулаган жыйын. (NT)