Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:26

Ысык-Көл: өспүрүмдөр жол кырсыгына кабылды


Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Күрмөнтү айылында 3-июндагы жол кырсыгынан 9-класстын окуучусу каза тапты.

Автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр оор жаракат менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кырсык Күрмөнтү айылынан көл жээкти көздөй кетип бараткан жолдо болгон. Автоунаа жолдон чыгып кетип, чоң ташты сүзгөн. Айдоочу 2001-жылы туулганы, ал эми каза тапкан өспүрүм айдоочунун жанында отурганы кабарланууда. Машинеде канча окуучу бар экени тууралуу маалымат айтыла элек. Окуучулар мектептин 9-классын аяктаганын белгилеп жүрүшкөн деген божомол бар.

Райондук милиция азыр окуянын себептерин тактап жатканын билдирди.(AsM)

XS
SM
MD
LG