Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Тяньаньмэнь аянтындагы коопсуздук күчтөрү
Тяньаньмэнь аянтындагы коопсуздук күчтөрү

Кытайда демократия орнотууну талап кылган студенттердин көтөрүлүшүн баскан кандуу окуянын 27 жылдыгына байланыштуу Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Эл аралык маалымат агенттиктери полиция Бээжиндин борбордук бөлүгүнө бараткандардын аты-жөнүн, сумкаларын текшерип жатканын кабарлайт. 1989-жылы миңдеген студенттер, жумушчулар менен карапайым жарандар саясий реформаларды талап кылып аянтка чыгышкан. 3-4-июнда аскерлер Бээжинге киргенде жүздөгөн, айрым булактарда айтылгандай миңдеген адамдар өлтүрүлгөн. Ушул кезге чейин бул кандуу окуя Кытайда ачык эскерилип, анын себептери айтылбайт. Кытай өкмөтү көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү четке каккан.

XS
SM
MD
LG