Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Сирия армиясы Ракканын аймагына кирди


Ракка шаарын ээлеп алган исламчылар, 2014-жыл
Ракка шаарын ээлеп алган исламчылар, 2014-жыл

"Ислам мамлекети" радикал тобуна каршы күрөштө Орусиянын аба күчтөрү колдоп жаткан Сириянын армиясы Ракка провинциясынын аймагына өттү. Бул тууралуу Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган уюм билдирди.

Маалыматка караганда, орусиялык учактар "Ислам мамлекетинин" согушкерлери көзөмөлдөгөн аймактарга катуу сокку урду. Чабуулдар Хама провинциясынын чыгышында Ракканын жака белинде жасалып, жума күнү Башар Асаддын армиясы бул аймакка кирди.

Ракка шаары "Ислам мамлекети" радикал тобунун негизги таянычы болуп келген.

XS
SM
MD
LG