Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Мухаммед Алинин сөөгү 10-июнда жерге берилет


Белгилүү мушкер Мухаммед Али
Белгилүү мушкер Мухаммед Али

Белгилүү мушкер Мухаммед Алинин сөөгү АКШнын Кентукки штатындагы өзү туулган Луиcвилл шаарында жума күнү жерге берилет. Бул тууралуу мушкердин үй-бүлөсүнүн өкүлү Боб Ганнел кечээ маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, акыркы жайга узатуу зыйнатында Американын мурдагы президенти Билл Клинтон сөз сүйлөйт.

Аза күтүү көп жыл мурун эле мушкер менен бирге түзүлгөн планга ылайык өтөт. Бир канча тилден интернетте түз көрсөтүлөт. Маркумду акыркы сапарга узатууда өзүнүн ишеними боюнча исламдын жөрөлгөлөрүнө басым жасалат.

74 жаштагы Мохаммед Али 3-июнда ооруканада көз жумду. Мухаммед Али оор салмак боюнча чемпион наамын үч жолу жеңип алган дүйнөдөгү алгачкы мушкер. Биринчи жолу бул наамды 1964-жылы, андан кийин 1974-1978-жылдары алган.

XS
SM
MD
LG