Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Польшада демократияны колдогон акция өттү

Варшава, 4-июнь, 2016-жыл
Варшава, 4-июнь, 2016-жыл

Польшанын борбору Варшавада миңдеген жарандар 4-июнда демократияны колдоо иретинде жапырт демонстрацияга чыгышты. Бул 1989-жылдагы алгачкы жолу жарым-жартылай ачык өткөн шайлоолордун 27 жылдыгына карата уюштурулду. Ал кездеги шайлоо коммунисттик бийликти кулатканы белгилүү.

Демонстрацияга мурдагы президенттер Александр Квасьневский менен Бронислав Коморовскийда катышты.

1989-жылдын 4-июнунда Польшадагы шайлоодо "Тилектештик" партиясынан талапкерлер жеңип чыгып, Польшада коммунистик режим кулаган. Андан кийин бүткүл Чыгыш Европада демократия орногон.

XS
SM
MD
LG