Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:56

КМШнын Бишкектеги саммити маалында борбордук көчөлөр жабылат


6-7-июнда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Бишкектеги жыйынына чет элдик делегациялар келе тургандыктан бир катар көчөлөрдө автоунаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, чектөөлөр “Манас” аэропортуна кетчү жолго, Махатма Ганди, Жибек Жолу, Манас, Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнө маал-маалы менен киргизилип турат. Аталган мекеме шаар тургундарын буга түшүнүү менен кароого чакырат.

Өкмөт башчылардын жыйыны 7-июнда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өтөт. Ага Беларус, Казакстан, Тажикстан, Молдова, Орусиянын премьер-министрлери катышат. Ошондой эле Азербайжан, Армениянын өкмөт башчыларынын орун басарлары келери күтүлүүдө. Өзбек, түркмөн премьерлеринин орун басарлары да келиши мүмкүн. Кыргызстандагы Украина элчиси да чакырылган.

Анда электроэнергетика объекттериндеги авариялар тууралуу маалымат алмашуу, бул багытта билим берүү тармагындагы кызматташтык, радиоактивдүү булактарды жайгаштыруу маселелери талкууланып, жалпысынан жети келишимге кол коюлат. Анын ичинде агробиотүрдүүлүктүү сактоо боюнча конвенция, 2011-жылдын 18-октябрындагы эркин соода жүгүртүү аймагы тууралуу келишимге ылайык мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуу эрежелери жана тартиптери тууралуу протокол бар. (NT)

XS
SM
MD
LG