Ирактын армиясы өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтон Саклавия шаарын толук кайтарып алды. Фаллужа шаарынын түндүгүнө жайгашкан Саклавияны террорчулар 2014-жылы бир жумага созулган салгылашуулардан кийин басып алган. Буга чейин Фаллужа шаарын экстремисттерден бошотуу аракеттери башталган эле.
ИМге каршы күрөш Сирияда да уланууда. Кечээ Орусиянын аба күчтөрүнүн колдоосу менен Сириянын армиясы Ракка провинциясынын аймагына өткөнү кабарланган.
Сирияда куралдуу жаңжал 2011-жылдан бери уланып келет. Ал кезде президент Башар Асаддын бийлигине карата жапырт каршылык акциялары жарандык согушка айланып, экстремисттик топтордун баш көтөрүүсүнө алып келген. БУУнун маалыматы боюнча беш жыл ичинде каза тапкандардын саны 200 миңден ашты.