Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Тегеран Вашингтондун билдирүүсүн четке какты


АКШ жана Ирандын желектери.
АКШ жана Ирандын желектери.

Иран бийлиги АКШнын “Тегеран терроризмге демөөрчүлүк кылууда” деген айыптоосун четке какты. Тышкы иштер министри Хусейн Ансорий 5-июнь күнү билдирүү жасап, “Иран басып алынган улуттарды гана колдорун” белгиледи.

АКШ Мамлекеттик департаментинин жылдык баяндамасында Тегеран Сирия, Ирак жана Бахрейндеги кооганы козутуп, террорчуларга шыкак берип жатканы айтылган. Муну каралоо деп атаган Ансорий, тескерисинче, Кошмо Штаттардын аскерлери Ирак, Ооганстан, Сирия, Ливан жана Йемендеги террордук топторго көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

Тегеран өкүлү Сауд Арабия жана анын союздаштары да терроризмди каржылап жатканын, бирок буга Вашингтон унчукпай турганын кошумчалады. Андан тышкары, АКШнын Израилди колдоп-кубатташын каралап, Тегеран Палестинадагы топторду колдорун, ал топтор Израилдин басып алууларына каршы күрөшүүсү керектегин билдирди.

XS
SM
MD
LG