Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Ошто Пушкинди эскерүү кечеси өтөт


Белгилүү орус акыны Александр Пушкиндин 215 жылдыгына карата бүгүн Ош шаарында поэзия кечеси өтөт. “Ош” пансионатында уюштурулуп жаткан жыйында мугалимдер жана студенттер Пушкиндин ырларын окуп, акындын чыгармачылыгын талкуулашат.

Кечени Оштогу этникалык орустардын “Содружество” уюму менен Орус маданий борбору өткөрүүдө.

“Ош” пансионатында Пушкиндин эстелиги орнотулган. Өткөн апта ыктыярчылар эстеликтин тегерегин тазалап, гүл отургузушкан.

XS
SM
MD
LG