Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:26

Ооганстан: сот имаратына чабуул койгондор полиция кийиминде болушкан


Ооганстан
Ооганстан

“Талибан” тобунун жоочулары 5-июнь күнү Ооганстандын Логар провинциясынын сот имаратына чабуул уюштуруп, жети киши мерт кетти. Набыт кеткендер арасында жакында эле облус прокурору болуп дайындалган Мухаммед Акрам Нажат да бар.

Ооган Ички иштер министрлиги 21 киши жарадар болгонун, кол салууга талиптер жоопкерчилик алганын билдирди.

Облус губернатору Мухаммед Халим Фидои “Франс-пресс” агенттигине маалымдагандай, кол салган үч киши полиция кийиминде болушкан. Каршылык көрсөтүү маалында үчөө тең жок кылынган.

XS
SM
MD
LG