Бишкектин "Дордой" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Анарбек Ормомбеков иштен кетирилди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол лигасынын расмий сайтында маалымдалган. Маалыматка караганда 4-июнда клубдун президенти Аскар Салымбеков башында турган клубдун башкармалыгы жыйынга чогулган. Жыйында команданын начар оюн көрсөткөндүгүнө байланыштуу Анарбек Ормомбековду ээлеген кызматынан бошотуу чечими кабыл алынган.
Сезондун аягына чейин "Дордой" клубунун башкы машыктыруучусунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Ормомбековдун жардамчысы болуп иштеп келген Руслан Сыдыков дайындалды.
Учурда "Дордой" клубу Топ лиганын турнирдик таблицасында лидерден алты упай кем топтоп үчүнчү орунда келе жатат. Көч башын 23 упай менен "Алга" клубу жетектесе, 20 упай топтогон "Алай" клубу экинчи катарда келе жатат. Кыргызстандын футбол боюнча эң жогорку лигасы саналган Топ лиганын оюндарына 7 клуб катышууда.(ECh)