Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

ЖК комитети өлкө карызынын чегин алып салган мыйзамды жактырды


Европанын Борбордук банкы.
Европанын Борбордук банкы.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети өлкөнүн тышкы карызынын чегин алып салууну караган мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурдагы Кыргызстандын мамлекеттик карыздарынын жогорку чеги өлкөнүн ички дүӊ продукциясынын 60 пайызынан ашпоого тийиш.

Ушу тапта мамлекеттик карызынын өлчөмү 3 млрд 805 млн долларды (288 млрд 803 млн сом) түздү же ички дүӊ өнүмгө карата 68,2 пайызга жетип, көрсөтүлгөн чектен ашып кеткен. Ошондуктан өкмөт бул чекти алып, кирешеси төмөнкү деңгээлдеги өлкөлөр үчүн карыздын туруктуулук деңгээлин баалоонун эл аралык көрсөткүчүн колдонууну сунуштоодо.

Өкмөт мындай практика көпчүлүк өлкөлөрдө колдонуп келгенин негиз катары көрсөтүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG