Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Орусия менен мунай ташуу боюнча келишимге кол коюлат


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстанда бүгүн эртең менен келди.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргызстанда бүгүн эртең менен келди.

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Кыргызстанда расмий сапарынын алкагында беш документке кол коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда мунай ташуу боюнча келишим, эки өлкө ортосунда эмгек жана социалдык тармакта кызматташуу, 2016-2017-жылдарга Тышкы иштер министрликтеринин кызматташуу программасы, мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу боюнча жана интеллектуалдык менчик боюнча меморандумдарга кол коюлары күтүлүүдө.

Эки өлкө ортосундагы мунай ташуу боюнча келишим буга чейин сөз болуп келген. Анын алкагында Кыргызстанда салынган Токмок жана Кара-Балтадагы мунайды иштетүүчү заводдорго чийки зат ташууну карайт.

Орус премьер-министри Дмитрий Медведев бүгүн эртең менен келди. Ал 7-июнда Бишкекте башталчу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитине катышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG