Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Түркиядагы жол кырсыгында окуучулар мерт болду


Түркиянын түштүгүндө окуучулар түшкөн автобус кырсыкка кабылып, кеминде 14 адам каза болду. Османие шаарына жакын жердеги Каратепе тарыхый жайынан экскурсиядан келаткан автобус көпүрөдөн кулап, каналга түшкөн. Каза болгон 14 адамдын алтоо окуучулар экенин түрк маалымат агенттиктери жазып чыкты. Кырсыктан 24 адам жараат алды. Алдын ала маалыматтар боюнча автобустун айдоочусу унааны башкара албай калган. Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG