Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Шыкмаматов: Камсыздандыруу мөөнөтүн узарткан мыйзам кабыл алуу керек


Камсыздандыруу.
Камсыздандыруу.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов автоунаа жана турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын ишке кирүү мөөнөтүн узартуу боюнча мыйзам долбоору өтпөй калышы мүмкүн экендигин эскертти. Бул тууралуу депутат бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди.

Шыкмаматов автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына, ал эми турак жайлар боюнча мыйзамдыкын 2017-жылдын 1-январына жылдыруу боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканын маалымдады. Бирок жаңы мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, экинчи окуудан четке кагылган.

Ушул жумада мыйзам долбоору парламент талкуусуна коюлат. Бирок ал жетиштүү маалымат жоктугунан четке кагылып калышы ыктымал. Ушул жагдайды эске алган Алмамбет Шыкмаматов депутаттарды мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Камсыздандыруу тууралуу эки мыйзам 2015-жылдын июль айында кабыл алынган жана быйыл февралдан тарта күчүнө кирген. Бирок коомчулуктагы талкуудан улам автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын мөөнөтү 2018-жылдын 1-январына жылдырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG