Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Ооганстанда америкалык журналист котормочусу менен окко учту

АКШнын Улуттук коомдук радиосунун журналисти Дэвид Гилки жана анын котормочусу Забиулла Таманна Гилменд провинциясынын Маржа шаарында 5-июнда курман болду. Улуттук коомдук радио алар менен автоунаада чогуу бараткан эки журналист жабыркабаганын кабарлады.

Радиостанциянын вице-президенти Майкл Орескес Гилки Ирак жана Ооганстандагы согушту чагылдырган фотограф, видео редактор болгонун белгиледи. 50 жаштагы Гилки Жорж Полктун жана 2015-жылы барктуу улуттук Эмми сыйлыгына татыган биринчи мультимедиалык журналист болчу.

38 жаштагы Таманна Синьхуа жана Анадолу маалымат агенттиктери менен кызматташкан эркин журналист, фотограф эле. 2001-жылы Кошмо Штаттар Ооганстанга киргенден бери 26 журналист өлтүрүлгөнүн Журналисттерди коргоо комитети мааалымдады. (AiT)

​
XS
SM
MD
LG