Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Ооганстанда парламент депутаты үйүнүн алдына коюлган бомбадан набыт болду


Ооганстан
Ооганстан

Вардак провинциясынан ооган парламентине шайланган Шер Вали Вардактын өмүрүн алган бомба үйүнүн алдында 5-июнда жардырылган. Андан дагы 11 киши жарадар болгон. Бул окуядан бир нече саат мурун талиптер Логар провинциясында соттун имаратына кол салып, анда провинциянын прокуратура кызматынын башчысы жана аны менен кошо кеминде жети киши өлгөн. Ички иштер министрлигинин өкүлү Седик Седикки “дубалга коюлган бомба сааты менен же узактан туруп жардырылган” деп билдирген. Жарадар болгондордун бешөө депутат Вардактын жан сакчысы болгон. Бул жардыруу үчүн эч кайсы тарап жоопкерчиликти ала элек. Депутатка каршы март айында да теракт уюштурулуп, анда ал аман калган. Анда үч адам өлүп, сегизи жарадар болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG