Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Сирия жана Орусиянын аба күчтөрү Алеппону бомбалоого киришти


Жергиликтүү тургундар жана Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча уюм Орусия жана Сирия өкмөтүнүн аскерий учактары Алеппону күчөтүлгөн түрдө бомбалай баштаганын кабарлашууда. Укук коргоо уюму 5-июнда абадан 50 жолу сокку урулганын, андан бери дегенде 16 жай тургун набыт болгонун маалымдады. Рейтердин маалыматы боюнча, абадан урулган соккудан кеминде 32 киши каза болуп, куралдуу оппозиция көзөмөлдөгөн аймактардан урандылардын 18 кишинин сөөгү чыгарылган.

Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары жоочулар Халеб районуна5-июндагы чабуулунда бери дегенде 20 киши өлгөнүн кабарлады. Халеб району Түркиянын чек арасынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аны бир жагынан өкмөттүк күчтөр ээлесе экинчи жагынан жоочулар ээлеген. Февраль айында Москва жана Вашингтондун ортомчулугу менен Сирияда ок атышууну токтотуу келишимине жетишилген. Бирок Алеппонун айланасындагы кармаштар ал келишимди жокко чыгарууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG