Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 7-8 июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
5-июнда айрым райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;
Баткенде түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;
6-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 30…32 градус жогору болот.