Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Ишкер төңкөрүш жасоого айыпталды


Казакстан: митингдер үчүн ишкер айыпталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Токтар Тулешев.

Казак бийлиги беш айдан бери камакта жаткан ишкерден бийликти күч менен басып алууга аракеттенген, жер боюнча толкундоолорду каржылаган деп шектенүүдө. Казакстандагы белгилүү ишкерге алгач таптакыр башка айыптар тагылган болчу.

Казакстанда «Шымкентпиво» заводунун ээси, аш-тойлору менен белгилүү болгон ишкер Тохтар Тулешов мамлекеттик төңкөрүш жасоого айыпталууда. Мындан беш ай мурун "мыйзамсыз курал, тыюу салынган диний адабият жана баңгизат сактаган" деген айып менен кармалган ишкерге 6-июнда "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген", "уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган" деген айыптар тагылды.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Руслан Карасев буларды айтты:

- Тергөөдө Тохтар Тулешовдун төңкөрүш жасоого даярдык көрүп жүргөнү, өткөн жылдан тарта максатын ишке ашыруу багытында конкреттүү аракеттерди жасай баштаганы боюнча маалыматтар бар. Анын планында өлкөдөгү ар түрдүү окуяны саясатташтырып, абалды олку-солку кылуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу болгон. Башаламандыктардын арты менен бийликти кулатып, ордуна альтернативдүү өкмөттү түзүүнү көздөгөн. Ал максатты ишке ашырууга топтогон курал-жарактар да табылган. Бул боюнча тергөө жетишерлик далилдерге ээ.

Деген менен тергөө азырынча бир дагы далилди коомчулукка чыгара элек. Бирок Тулешовдун иши боюнча Казакстандын күч тармагында иштеген бир катар мурдагы чиновниктер да кармалышты. Алардын арасында Казакстандын башкы прокурорунун мурунку орун басары Иляз Бактыбаев баш болгон ИИМдин бир генералы, полициянын полковниги жана Коргоо министрлигиндеги эки полковник камакка алынган.

Ишкер Тохтар Тулешов январь айында алгач кармалганда Чымкент облустук прокуратурасы "мыйзамсыз курал, баңгизат жана тыюу салынган адабияттарды сактаган" деп маалымдаган болчу.

Ал эми Казакстандын аймактык деңгээлдеги ишкери канчалык дымактуу болгон күндө деле өлкөнүн борбордук бийлигине коркунуч жаратарына ишенгендер аз.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурунку кызматкери полковник Арат Нармамбетов Тохтар Тулешов жөнөкөй ишкер эмес деген ойдо.

- Ал кечээ же бүгүн кармалган жок. Улуттук коопсуздук комитетинде анын өмүр жолун изилдөөгө жетишерлик убакыт болду. Ал түштүк аймагынан болот, аймактык ишкер деген менен түрдүү тармактарда өзүн көрсөтүп жүргөн. Ошол эле Орусиянын Мамлекеттик думасында комитет жетектеген, кайсы бир фонддорго ээлик кылган, коомдук уюмдарга төрага, мүчө болуп жүргөнү мени да таң калтырды. Анын түштүктөн же түндүктөн болгону саясий дымагынын канчалык экенинен кабар бербейт. Аны менен кошо кармалган адамдар менен байланышына караганда ал жөнөкөй эле ишкер эмес. Мунун баары текшерилет деген ойдомун.

Азырынча казак коомчулугуна Тохтар Тулешов Казакстанда эң популярдуу сыра чыгарган «Шымкентпиво» заводунун ээси экени жана балдарынын туулган күндөрүн жомоктогудай шаан-шөкөттөп өткөргөн байлыгы менен белгилүү.

Эл арасында Тохтар Тулешовдун кармалышын анын «Шымкентпиво» заводун тартып алуу аракети катары баалагандар да бар. Анткени буга чейин ал Казакстандагы АТФ банкын сатып алууну каалаган жайы бар.

Буга чейин Казакстанда жердин чет элдиктерге берилишине каршы элдик толкундоолор болгон. Жерге байланыштуу митингдердин акыркысы 21-майда Казакстандын бир нече облус борборлорунда орун алган эле. Азырынча Тохтар Тулешовдун жактоочулары же жакын туугандары анын ишиндеги элге белгисиз жагдайлар тууралуу эч кандай билдирүү таратыша элек.

XS
SM
MD
LG