Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамды өзгөртүү маселеси каралат


Атайын отряд.
Атайын отряд.

Кыргызстандын “Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамы фундаменталдык өзгөртүүлөргө муктаж. Бул тема бүгүн Бишкекте коопсуздук жана саясий кылмыштуулуктун күнгөй-тескейине арналган конференцияда талкууланат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, иш-чара 2013 - 2017-жылдар аралагында Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу алкагында өткөрүлөт. Бийлик органдары, бейөкмөт жана эл аралык уюмдар бирге уюштуруп жаткан конференция бүгүн Бишкектеги “Дамас” мейманканасында болот.

Конференцияда сегиз маселе талкууга алынат. Арасында аймактык милициянын абалын жакшыртуу механизми, жергиликтүү бийликтердин ролун жогорулатуу, кылмыш курмандыктарына көрсөтүлчү жардам жана башка багыттар бар. (SE)

XS
SM
MD
LG