Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Орусия Сириядагы аба чабуулдарына катышпаганын билдирди


Сирия.
Сирия.

Орусиянын Коргоо министрлиги орус аскерлери 6-июнь күнү Сирияда 17 жайкын тургунду мерт кетирген аба соккуларына катышпаганын билдирди. Дүйшөмбү күнү Ал-Шаара калаасындагы базарга сокку урулуп, жайкын тургундар каза тапканын, арасында жетөө балдар экенин баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары обсерваториясы билдирген эле. Орозо айынын алгачкы күнүндө уюштурулган бул чабуулду өкмөттүк жана орусиялык учактар ишке ашырганы божомолдонгон.

Орусиянын коргоо министрлиги ал күнү аскерий учуулар болбогонун айтты. Ошол эле учурда тышкы иштер министри Сергей Лавров Алеппо аймагына аба соккуларын урууда Москва Сирия өкмөтүн колдорун билдирди. Дем алыш күндөрү аталган райондо катуу салгылашуу жүргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG