Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жалал-Абадда 15-октябрь бейөкмөт уюмдар күнү деп белгиленди


Бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары.
Бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуулары.

Жалал-Абад шаарында 15-октябрь бейөкмөт уюмдар күнү деп белгиленди. Мындай чечим "Өнүккөн жарандык коом - бакубат мамлекет" аталышындагы бейөкмөт уюмдар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышкан облустук конференцияда кабыл алынды.

"Жарандык коомду колдоо борбору" коомдук фонду уюштурган иш чарага облустагы район-шаарлардан 80ге чукул жарандык коомдук өкүлдөрү катышып, анын жүрүшүндө тажрыйба алмашуу жана жергиликтүү бийлик менен тыгыз байланышта иштөө багыттары үйрөтүлдү. Жыйынтыгында жарандык коомдун базалык каталогун түзүү, баарлашуу аянтчасын уюштуруу, кызматташтыкты жандандыруу сыяктуу сунуштар камтылган кайрылуу жергиликтүү бийликке жолдонду. (RsK)

XS
SM
MD
LG