Бүгүн Ирандын Кереж шаарында футбол боюнча Кыргызстан жана Иран курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүшөт. Кыргызстан Футбол федерациясынан билдиришкендей, беттеш “Энгелаб” стадионунда болот. Беттешке омандык ФИФА рефериси Махмуд Ал-Мажрафи калыстык кылат. Ага Рашид ал Гайити жана Хамед ал Гафри жардам беришет.