Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:33

Петербургда "Кадыров көпүрөсүнө" каршы митинг өттү


Нааразылыкка себеп болгон көпүрө.

Петербургдагы Марс талаасында дүйшөмбү күнү миңге жакын адам көпүрөгө Ахмат Кадыровдун ысымын беpүүгө каршылыгын билдирип митингге чогулушту.

Уюштуруучулар - депутат Максим Резник жана Ольга Галкинанын өтүнүчү менен акция жалпы жарандык форматта, саясий чакырыктарсыз өткөрүлдү. Болгону Орусия менен Петербург шаарынын желектерин гана колдонушту.

Активисттер Дудергоф каналына салынган көпүрөгө Кадыровдун ысымын ыйгаруу сунушун жокко чыгарууну талап кылышты.

Митинг алдында шаардыктарга кайрылуу таркатылды, анда: "Бул чечендерге каршы митинг эмес, улутчулдук жөнүндө сөз да жок. Бул – Петербург жашоочуларынын пикирине кулак салгысы келбегендерге каршы митинг. Эгер бийлик Ахмат Кадыровго сый-урмат көрсөткүсү келсе, анын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар объектиге же кайсы бир мечитке ысымын берсе болмок”, - деп айтылган.

Ахмат Кадыров - Чечен республикасынын тун президенти, Рамзан Кадыровдун атасы. 2004-жылы курман болгон.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG