Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

“Кумтөрдүн” айрым жетекчилерине кылмыш иш козголду


"Кумтөр" алтыны.
"Кумтөр" алтыны.

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд компанинин” айрым жетекчилерине кылмыш иш козгоду. Бул кабар “Центерра Голд” компаниясынын расмий сайтында жарыяланган. Андагы маалыматка ылайык, компаниянын айрым менеджерлерине кылмыш иштери финансылык операцияларды жасоодо ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланып, Кыргызстанга зыян алып келгени үчүн козголгон. 2014 - 2015-жылдарда компания жумушчулар шаарчасын көчүрүүдө ашыкча чыгымга жол бергени айтылат.

Ошондой эле “Кумтөр Голд компанинин” Бишкектеги кеңсеси тинтүүгө алынып, тиешелүү кагаздар алынган.

Чек ара кызматы айрым менеджерлердин өлкөдөн чыкпоосун эскерткен.

Компания өз кызматкерлеринин кандайдыр бир мыйзамсыз ишке аралашканы боюнча дооматты четке кагып, бул иш Кыргызстандын сотторунда жана Эл аралык арбитражда териштирилерин билдирди.

Башкы прокуратура бул иш боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.

Буга чейин май айында "Кумтөр Голд компанинин” кеңсеси тинтилип, компаниянын эки вице-президенти өлкөдөн чыгып кетип, алардын бирөө кайтып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG