Бишкектеги автоунаа өртүнөн жараат алган төрт адамдын денесинин 90 пайыздан ашыгы күйүп калган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун баш дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, Бишкектеги газ ташыган автоунаанын жарылуусунан жараат алган 11 адам ооруканага келип түшкөн. Учурда алардын ону ооруканада дарыланууда. Алты адам оор абалда реанимацияда. Алардын төртөөнүн денесинин 90 - 95 пайызы күйүп калган.
Кубатбеков мындай оор абалдагы бейтаптар үчүн дары-дармекти Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу алуу зарылдыгы туулганын кошумчалады.
6-июнда кечке жуук Фучик көчөсүндө суюлтулган газ ташыган унаа жарылып, өрттөнүп кеткен. Аны өчүрүү маалында 11 адам жаракат алган. Кырсыктуу окуяга газ жабдыгын туура эмес колдонуу себеп болгону болжолдонууда.(BkA/AiA)