7-8 июнда болчу нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
8-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым райондордо жаан-жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;
8-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 32…34 градус жогору болот.