Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 6-июнь күнү газ жүктөлгөн жүк унаасынын жарылуусунан жабыркагандарга жардам иретинде президенттик фонддон 500 миң сом бөлдү. Каражат жарылуудан жабыркагандарга медициналык жардам үчүн колдонуларын президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Шейшемби күнү Бишкекте газ жүктөлгөн унаа жарылып, өрттөн ондон ашуун адам жабыркаган.