АКШнын беш штатында Демократиялык жана Республикачыл партиялардагы талапкерлери үчүн праймериз өтөт. Биринчил добуш берүүлөр Калифорния, Монтана, Нью-Джерси, Нью-Мексико, Түштүк Дакота штаттарында өтөт. Демократтар Түндүк Дакотада штатында кокус өткөрөт.
Бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Республикалык партиянын ички шайлоосу жыйынтыкталат. Ал эми Демократтар болсо 14-июнда Колумбия округунда добуш берүү өткөрөт.
Америкалык маалымат каражаттары дүйшөмбүдө мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Демократтардан талапкер болуу үчүн партиялык курултайдан жетиштүү сандагы добуш топтогонун жазып чыккан. Associated Press агенттигинин эсеби боюнча өткөн жекшембиде Пуэрто-Рикодо өткөн праймериздин жыйынтыгын кошкондо 2383 добуш, анын ичинен 51 “супер делегаттын” добушун алган.
Клинтондун атаандашы Вермонт штатынан сенатор Берни Сандерс болсо азырынча жыйынтык чыгаруу эрте экенин, кийинки айга белгиленген Демократиялык партиянын курултайында жеңиш үчүн күрөшөрүн жарыялады.
Ал эми республикачылардан Дональд Трамп биринчи болуп келатат.