Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:14

Орус базарында чыгым тарткан ишкерлер


Кыргыз товарларынын жармаңкеси. Москва. 26-октябрь, 2015-жыл
Кыргыз товарларынын жармаңкеси. Москва. 26-октябрь, 2015-жыл

Кыргызстандык ишкерлер өндүргөн продукциясын акырындык менен Орусияга сатыкка алып чыгууда. Айрымдары орус базарына түз чыга албай, ортомчуларга кайрылууга мажбур.

Баткендеги “Алыш-Дан” айыл чарба кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшов апрелде Москвага сатыкка 300 килограммдан ашык өрүктөн жасалган продукциясын алып келип, орус баш калаасында товарын өткөрө албай, бир топ чыгымга учураганын баяндап берди:

- Кыргызстандагы дыйкандар өзүбүз өндүргөн продукцияны сата албай жатабыз. Башка өлкөлөрдө жыл башында эмне өндүрүп, кайда сатуу керектиги алдын ала пландалса, бизде андай жок. Ушинтип кыйналып турганда Москвада “Фуд Сити” соода борборунда Кыргызстанга атайын павильон бөлүнүптүр, ошол жерде азыгыңарды сатып, келечектеги өнөктөштөрдү табасыңар деген. Ал жакка барганыбызда бардыгы айтылгандай болбоду. Кыргыздар эле бут тосуп, саттырбай, товарыбызды өздөрүнө алып калууга аракет кылышты. Сатып алуучулар деле болбоду, орусиялык бизнесмендер менен жолуккан жокпуз. Акыры азыгыбыз өтпөй калып, 194 миң рублдык товарды ошол жакта Ленара Ниязбекова менен Марсель Салахунов дегенге тапшырып келгем. Бир жумада сатылат деген товар бир айда да өтпөдү. Акыры сатылгандарынын акчасын мейманкана, авиабилет, тамак-ашка кетти деп бир топ чыгымдарды эсептеп беришти. Ошентип, колума ал товардан азырынча алганым 8 миң рубль эле болду, - дейт фермер Төлөмүшов.

Фермер Турсунали Төлөмүшев
Фермер Турсунали Төлөмүшев

Фермер бир айдан кийин Москвада сатылгандан калган азыктарын Екатеринбургдагы тааныштарына сатууга жөнөткөн. Өзү эки айдан бери Баткендеги он чакты фермерлерге алып кеткен товардын акчасын кайтара албай убара.

Төлөмүшов эскерген Ленара Ниязбекова «КыргызЛенд» экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын директору, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүктөрүн Москвада базарга чыгаруу боюнча ортодо оператор катары иштейт.

Ал Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар орус базарына жаңыдан чыгып жаткандыктан, аны жергиликтүү кардарларга таанытууга алгач убакыт жана инвестиция салуу керектигине токтолду.

- Бул соода аянты жаңы ачылгандыктан айрым бир биздин өндүрүшчүлөр анын маанисин түшүнө албай жатат. Экинчиден, бизге карата “кара пиар” жүрүп жатат. Ал эми өрүктөн жасалган азыктарын саткан “Алыш-Дан” кооперативиндеги жигит болсо бул көргөзмөгө өзүнүн продукцияларын алып келип, эмнеге бир күндө эле продуктуларым өтпөйт деп чырдады. Чындыгында, түшүнүш керек, Орусияда Кыргызстандын азыктары - жаңы продукция. Жергиликтүү кардарлар даамын татып көрмөйүнчө, бир күндө эле бардыгын сатып жибере албайбыз...

Кыргызстандан ташылган азык-түлүктөрдү сатыкка жана көргөзмөгө коюуга шарт түзгөн Москвадагы “Фуд Сити” соода борборундагы “Кыргыз Экспо” аянтчасы (“Кыргызстан” павильону) апрелде ишке кирген. Анын директору Марсель Салахунов бул жакта ишкерлерге аянтча гана берилерин, ал эми товарлардын сатылышына толук кепилдик берүүгө мүмкүн эместигин белгилейт.

Кыргыз товарларынын жармаңкеси, Москва
Кыргыз товарларынын жармаңкеси, Москва

- “Кыргыз Экспо” павильону Москвадагы “Евразиялык ишкердик союзу”, “Кыргыз биримдиги” жана “КыргызЛенд” сыяктуу мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн. “Кыргыз Экспо” - мамлекеттик мекеме же долбоор эмес. Биз Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнө Орусияга товарларын чыгарууга көмөк көрсөтөбүз. Биз ишкерлерге өз товарын көрсөтө тургандай аянтча эле беребиз. Ал үчүн алар айына 6 миң рубль төлөшөт. Бул каражат суу, жарык, муздаткыч, аянтчанын ижарасы жана коопсуздук кызматтары сыяктуу чыгымдарга эле кетет...

Орусиядагы ишкер, “Кыргызстандык ишкерлер биримдиги” уюмунун жетекчиси Кубанычбек Кожоев Кыргызстандан келген ишкерлерге жаңы базарга чыгуу үчүн алгач туруктуу өнөктөштөрдү табууну сунуштайт.

- Орус базарына чыгыш оңой иш эмес. Бул жакка аттанган кыргызстандык ишкерлер өздөрүнө биринчи бул жактан туруктуу, ишеничтүү өнөктөштөрдү таап, анан акырындык менен иштеши керек. Бул жакта баары эле күтүп турган жок. Орусиялык бизнесмендер деле кыргызстандыктар менен пайда көрүү үчүн кызматташат. Мындай кызматташтыкта жоопкерчилик дагы, чыгымдар дагы тең экиге бөлүнөт. Мунун баары кагаз түрүндө эки тараптуу келишимдерде бекитилиши керек. Бул жактагы ишкерлер ички чоң-кичи базарларды жакшы билишет, товарды өткөрүүнүн жолун жакшы билишет. Кыргызстандан келгендер болсо, көп нерсени жакшы түшүнбөй, пайда көрбөй эле кайра чыгым болуп кетишүүдө.

Орусиядагы кыргызстандык ишкерлер орус базарына чыгуудагы мындай кыйынчылыктар убактылуу экенин белгилешет. Анткен менен эки өлкө ортосунда товар сатуу мамлекеттик деңгээлде каралбагандыктан, айыл чарба продукцияларын сатуунун жолун ар ким өз алына жараша издеп жаткан чак.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG