Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Сот Атамбаевдин үстүнөн жазылган арызды кароону баштайт


Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдырасулова.
Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдырасулова.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн укук коргоочулар Азиза Абдырасулова жана Төлөйкан Исмаилова жазган арызды бүгүн карай баштайт. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы билдиргендей, сотто тараптардын пикирлери угулат. Президенттин атынан отурумга ким катышары азырынча маалым эмес.

Эки укук коргоочу 18-майда президенттин үстүнөн сотко кайрылышкан. Буга мамлекет башчынын "Элдик парламенттин" жыйынына катышкан Абдырасулова менен Исмаилованы "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болгон.

Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын белгилешип, президенттин айткандары демократиялык эрежелерге сыйбайт деген жооп кайтарышкан жана мамлекет башчынын үстүнөн сотко кайрылып, ар бири 2 миллион сомдон компенсация сурашкан. Эгер Кыргызстандын соту алардын арызын канааттандырбаса, Улуттар Уюмуна чейин кайрылышарын билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG