Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Эрдоган депутаттардын кол тийбестигинен ажыраткан мыйзамга кол койду


Түркия парламенти.
Түркия парламенти.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган депутаттардын кол тийбестигин алып салуу боюнча мыйзамга кол койду. Бул мыйзам күрттөрдүн таламын талашкан жана бийликтин режимине каршы чыккан депутаттарды сот жообуна тартууга жол ачат.

Мыйзам долбоорун бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы сунуш кылган. Андан мурдараак Эрдоган күрттөрдүн таламын талашкан Элдик демократиялык партияны жикчил деп айыптаган жана партиянын депутаттарын “террорчу” катары кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин белгилеген.

20-майда 550 депутаттын 376сы колдогон мыйзамды Германия бийлиги жана Европа биримдиги сындап чыккан. Оппозициядагылар да нааразылык билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG