Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Бишкекте эки казак жараны спайс менен кармалды


Бишкектеги жарыя, 2015.
Бишкектеги жарыя, 2015.

Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын маалыматына караганда, Бишкекте 7-июнда казакстандык эки жарандан спайс табылды. Тинтүү учурунда алардан 30 граммга жакын ак түстөгү зат алынып, эксперттер анын спайс экенин аныктаган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар камакка алынды. Алар маңзатын мыйзамсыз сатып жүргөн деп шектелүүдө.

Былтыр Жогорку Кеңеш спайсты коркунучтуу маңзаттар тизмесине кошуп, аны колдонууга каршы мыйзам кабыл алган. Түрдүү заттардын аралашмасы саналган "Спайс" жөнүндөгү жарыялар Кыргызстанда соңку жылдары кескин көбөйүп кеткен болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG