Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Сот укук коргоочулардын президент боюнча доо арызын кароого киришти


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту президенттин үстүнөн жазылган доо арызды карай баштады. Жараянга судья Алмазбек Калыбаев төрагалык кылууда.

Териштирүүнүн жүрүшүндө укук коргоочулар президенттин айткандары өздөрүнө моралдык зыян алып келди деген негизде ар бирине 2 миллион сомдон компенсация өндүрүүнү сурашты. Ошондой эле сотко президенттин өзүн чакыруу өтүнүчүн келтиришип, бирок судья мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин өкүлү катышып жаткандыктан, аны канааттандырган жок.

“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, азыр сот отурумуна тыныгуу жарыяланып, бүгүн саат 5те улана турган болду.

Эки укук коргоочу 18-майда президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Буга мамлекет башчынын "Элдик парламенттин" жыйынына катышкан эки укук коргоочуну "грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр" деп атаганы себеп болгон. Абдырасулова менен Исмаилова жыйынга мониторинг жүргүзүү үчүн катышканын белгилешип, президенттин айткандары демократиялык эрежелерге сыйбайт деген жооп кайтарышкан. Алар Атамбаевден кечирим суроону талап кылып, болбосо сотко кайрыларын билдиришкен эле. Бул боюнча БУУнун укук коргоочуларды коргоо боюнча атайын баяндамачысына да кат жиберишкен. (NT)

XS
SM
MD
LG