Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстанда инфляция 3,4 пайызга төмөндөдү


Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

Жыл башынан бери инфляция 3,4 пайызга төмөндөп, 0,2 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 8-июнда президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда билдирди. Жолугушууда баалардын туруктуулугун кармоо, ишкерлер менен фермерлерге берилүүчү насыялар тууралуу кеп болду.

Толкунбек Абдыгулов азыр банктарды капитализациялоо жараяны уланып жатканын кабарлады.

Тараптар накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга эсептелген мамлекеттик программанын аткарылышын да талкуулашты. Президент аталган программа экономикалык коопсуздукту камсыздоого багытталганын, эсеп-кысаптарды улуттук валюта менен накталай эмес жүргүзүү аркылуу долларга болгон көз карандылыкты азайтууга болорун белгиледи. (NT)

XS
SM
MD
LG