Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

Чүй: алты жаштагы кызды кордогон адамды көчүрүү талабы коюлууда


Аламүдүн районунун Ак-Бата жаңы конушунун тургундары алты жаштагы кызды кордоду делген 65 жаштагы адамды үй-бүлөсү менен айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышууда.

7-июнда жаңы конуштун 60-70тей жашоочусу мындай талап менен топтолуп, ал жерге Бишкек шаардык жана Чүй облустук милиция кызматкерлери барып абалды жөнгө салган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азыр укук коргоо органдары абалды көзөмөлдөөдө.

Ушул жылдын 4-июнунда аталган конушта 2010-жылы туулган наристеге ыпластык менен запкы көрсөтүү боюнча факты катталган. Натыйжада кыз денесинен оор жаракат алып Бишкектеги балдардын №3 ооруканасына түшкөн. Окуя боюнча 6-июнда Кылмыш кодексинин 133-беренесинин "Ыплас аракеттер" беренесине ылайык иш козголду. Шектүү 1951-жылы туулган Баткен облусунун тургуну экени, убактылуу Ак-Бата конушунда жашай турганы аныкталып, 7-июнда камакка алынды. (NT)

XS
SM
MD
LG