Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:21

Хиллари Клинтон демократтардын атынан президенттикке талапкерлигин коёт


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

Хиллари Клинтон Демократтардын атынан президенттикке талапкерлигин коюуда жеңип чыгып, Барак Обаманын куттуктоосун кабыл алды.

Клинтон негизги атаандашы Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс менен ат салышып, шейшемби күнү Нью-Мексико, Нью-Жерси жана Түштүк Дакотада жеңип чыгып, ал эми Калифорния штатында шайлоочулардын 60 пайыз добушун ала алган.

Демократтардын улуттук курултайы июль айында Калифорниядан 546 делегатты чогултуп, партиянын атынан АКШнын президенттигине талапкерди расмий аныктайт.

Мурунку биринчи айым маанилүүлүгү экинчи оруда турган Нью-Джерси штатынан да жеңишке ээ болгон. Ал штаттан съездге 142 делегат аттанат.

XS
SM
MD
LG