Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Түркия: Мардин провинциясындагы жарылуудан кеминде үч адам өлдү


Стамбулдагы жардыруу, 7-июнь, 2016-жыл.
Стамбулдагы жардыруу, 7-июнь, 2016-жыл.

Бул маалыматты Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым да ырастады. Өлгөндөрдүн кеминде экөө полиция кызматкерлери экени кабарланууда.

Бомба салынган автоунаа бүгүн Түркиянын көбүнесе күрттөр жашаган түштүк-чыгышындагы провинциянын Мидят шаарчасында, полиция бекетинде жарылган.

Дарыгерлердин айтымында, жарылуудан полицейлерди, жайкын тургундарды кошкондо дагы 30тан ашуун киши жаракат алды. Мунун алдында кечээ Стамбулда бомба салынган унаа полицейлер түшкөн автобус өтүп бара жаткан кезде жардырылганда 11 киши мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG