Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:51

2014-жылдан бери Жер Ортолук деңизине чөгүп өлгөн качкындардын саны 10 миңден ашты


Греция. Качкындар
Греция. Качкындар

Качкындардын иши боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссариатынын маалыматына ылайык 2014-жылдан бери Евробиримдикке кирүүгө көздөп келатып, Жер Ортолук деңизине чөгүп өлгөндөрдүн саны 10 миңден ашат.

Анын алдында эле Евробиримдик Африкадан келген мигранттардын агымын азайтуу планын сунуштаган. Соңку апта ичинде бул чөлкөмдө адам өмүрүн алган бир катар окуялар болду. Былтыр деңизде чөгүп кеткендердин саны кескин жогорулап, үч миңге чукулдаган.

Евробиримдиктин планына ылайык мигранттар көп агылган Эфиопия, Нигерия, Мали, Сенегал, Ливан жана Иордания сыяктуу өлкөлөргө 60 миллиард долларга чейин жеке инвестицияларды тартуу пландалууда.

XS
SM
MD
LG