Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:47

Клинтон өзүн демократтардын президенттикке талапкери деп жарыялады


Хиллари Клинтон, Нью-Йорк, 7-июнь, 2016-жыл.
Хиллари Клинтон, Нью-Йорк, 7-июнь, 2016-жыл.

АКШ президенттигине башкы эки үмүткөрдүн бири мындай жарыяны Нью-Жерси, Калифорния, Нью-Мексико, Түштүк Дакота штатындагы баштапкы шайлоонун же праймериздин жыйынтыгы белгилүү болгон соң жасады.

- Силерден улам биз бул бурулуш учурга, Кошмо Штаттардын тарыхында аял киши биринчи ирет негизги партиядан президенттикке талапкер болушуна жеттик,- деди Хиллари Клинтон Нью-Йоркто жактоочуларына кайрылып жатып.

Клинтондун өзүн Демократиялык партиядан талапкер деп жарыялашы ал июлдагы партиялык курултайда буга бекиш үчүн талап кылынган 2389 делегатты топтоду дегенди туюндурат.

Ак үй билдиргендей, президент Барак Обама Клинтонду ийгилиги менен куттуктады.

Республикалык партиядан президенттикке үмүткөр Дональд Трамп да 7-июнда дагы беш штаттагы баштапкы шайлоодо колдоо тапты. Бирок, ал талап кылынган 1237 делегатты буга чейин эле топтогон. (UE)

XS
SM
MD
LG