Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Бишкекте “Бактылуу балалыкты белек кылгыла” аттуу акция өтөт


Депутаттарга даярдалган белек.
Депутаттарга даярдалган белек.

Бүгүн жарандык активисттер Жогорку Кеңештин алдына акцияга чыгышып, жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салган мыйзамга каршы болгон депутаттарга нааразылык билдиришет. Акция “Бактылуу балалыкты белек кылгыла” деп аталат. Уюштуруучулардын бири,“Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова “Азаттык” радиосуна билдиргендей, алар жашы жетпей турмушка чыгып, кийинчерээк жаш баласы менен көчөдө калган аялдын атынан эл өкүлдөрүнө “белек” тартуулашат.

-Атайын кутучага жаш балдар ойночу топ менен кат жазып жайгаштырдык. Ал катта жашы жете электе турмушка чыгып, бирок мыйзам менен укугун коргой албай жаткан аялдын муңу жазылган. Үйсүз калгандыктан, баласы топ ойногонго короо жок экени, ошондуктан топту мыйзамга каршы чыккан депутаттарга белек кылып берип жатканы айтылат.

Бекназарова кошумчалагандай, акция катышуучулары таштанды сүрөттөлгөн атайын постерди алып чыгышып, мыйзамды таштандыга ыргытпоону, аны кабыл алууну суранышмакчы.

Жашы жете элек кыздарга нике кыйган молдолорду жоопкерчиликке тартуу боюнча депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам жакында Жогорку Кеңештен өтпөй калган. Ага 61 депутат каршы чыгышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG