Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы кайра жанданат


Жалал-Абад аэропорту.
Жалал-Абад аэропорту.

Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багытындагы авиакаттам 13-июндан тарта жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү ишке ашырылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады. Учууну British Aerospace-140-200 учагы аткарат.

Бишкек-Жалал-Абад каттамы 2015-жылдын декабрында уча баштап, үч айга жетпей кайра токтоп калган. Жалал-Абад шаарындагы аэропорттун талаптарга жооп бербестиги жана жүргүнчү аздыгына байланыштуу бул каттам мурда да бир канча жолу жанданып, токтоп келген. (SE)

XS
SM
MD
LG