Күндүн ысышына байланыштуу Чүй каналындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, унаа жолго коркунуч келе баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-июнда эртең менен Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 68-чакырымында суу жол четин жей баштаган. Адистер жеринде алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат.